Балыкчыда үч социалдык объект мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Балыкчы шаарынын Озерная көчөсүндө жайгашкан №455 даректеги спорт комплексинин ашканасы жана жатаканасы прокуратуранын доо арызынын негизинде сот тарабынан жараксыз деп табылган.
Андан сырткары мурдагы “Якорек” бала бакчасынын имараты да сот тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилген деп табылды.
Тактап айканда, жалпы орточо базар баасы 11 млн 962 миң сомду түзгөн бул үч социалдык объект мамлекетке кайтарылган.