Бүгүн, 6-октябрда Казакстандын Коргоо министрлигинин тынчтык сактоочу күчтөрүнүн аскердик контингенти Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмуна мүчө мамлекеттердин Жамааттык Тынчтыкты сактоочу күчтөрү менен биргелешип өткөрүлүүчү «Бузулбас боордоштук-2023» машыгуусуна катышуу үчүн Кыргызстанга келди. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен маалымдашты.
Казак Республикасынын Коргоо министрлигинин тынчтыкты сактоочу күчтөрүнүн аскердик контингенти «Ак-Тилек автодорожный» чек ара бекетинен өтүп, өз күчтөрү менен авто унаалар жана бронетехника менен марш жасап, машыгуу өтө турчу жерге аман-эсен келишти. 20636 аскер бөлүгүнүн саптык плацында машыгуунун жетекчилиги аларды салтанаттуу тосуп алды.
Ушул эле күнү Орусиянын Коргоо министрлигинин тынчтык сактоочу күчтөрүнүн аскердик контингенти Кант шаарынан марш жасап, биргелешкен машыгуу өтө турган жерге келди. Орусиялык тынчтыкты сактоочу күчтөрү ар кайсы туруктуу жайгаштырылган жерлеринен «Кант» базасынын аймагына келип жайгашып, машыгуунун планына ылайык, 6-октябрда биргелешкен машыгуу өтө турган жерге келишкен. 20636 аскер бөлүгүнүн саптык плацында машыгуунун жетекчилиги аларды салтанаттуу тосуп алды.
Кыргызстан – Кытай – Өзбекстан темир жолунун курулушу боюнча: учурда тоннелдерди казуу жана инфраструктураны даярдоо иштери жүрүүдө. Инфраструктура жаатында: убактылуу...
Көчмө жыйындын алкагында калаа башчысы Кожомкул атындагы Спорт сарайынын аймагындагы демонтаж иштерин көрүп чыкты. Бул жерде жаңы бассейн куруу пландалууда....
Нарын районунун Ийри-Суу айылында жайгашкан М.Байдөөлөтов атындагы мектептин 7-классынын окуучусу А.Э.Э.нин өз өмүрүнө кол салганы тууралуу маалыматтын негизинде Нарын шаардык...
13-апрелде Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Биоресурстарды контролдоо бөлүмү жана Чүй регионалдык башкармалыгы тарабынан биргелешкен рейд жүргүзүлдү. Иш-чарага «Бугу эне»...
1-апрелден 13-апрелге чейин кене чаккандан кийин жугуштуу оорулар ооруканасына 41 адам кайрылды, алардын ичинен 21и бала. Бир бала ооруканага жаткырылды,...