Балыкчынын кире беришине жаңы арка тургузулуп, үстүнө “Ак кеме” орнотулат. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти. Маалыматка караганда, мындан сырткары толкун формасында жасалган фото-зона курулуп, сүрөткө түшө турган жай болот.
«Шаарга кире бериштеги айланма жолдун ортосунда турган желек жаңыртылып, реконструкция болот. Ошол эле жерде балык саткандар бар болчу. Алар жол тыгын жаратып, коопсуздук сакталбай өздөрүнө деле оор эле. Мына ошол соода кылгандарды дагы көчүрүүгө атайын “Балык” базары салынып жатыптыр. Ал жай кышында жылуу, жайында салкын болуп, соодагерлер үчүн да, кардарлар үчүн да ыңгайлуу болот экен.
Автобекет да заманбап деңгээлде курулуптур, 200дөн ашык такси, он чакты автобус үчүн чоң токтоочу жай каралган. Унаа токтоочу жайга шлагбаум коюлуп, жүргүнчүлөрдү лицензиясы бар таксилер гана тейлей турган болот. Шаарды аралап өткөн негизги трассанын боюндагы зым карагайлар алынып, ордуна гүлдөр отургузулуп, веложол менен тротуар салынып жатат. Мындан тышкары Балыкчыда шаардык базар, тейлөө жана көңүл ачуучу жайлардын, парктардын курулушу да жүрүп жатыптыр.
Мына ушул долбоорлордун соңуна чыгуусу менен, Балыкчы шаары бир кыйла өзгөрүп, көркүнө чыгат»,- деп жазды ал.






