Балыкчы шаарынын мэри Баатырбек Жантаев шаардык бейтапканага шаар тургундары тарабынан келип түшкөн кайрылуулардын негизинде күтүүсүз мониторинг жүргүзүп, жеринде бир катар кемчиликтерди аныктады.
Кыдыруу учурунда бардык дарыгерлер өз жумуш орундарында жок экени аныкталган. Кызматкерлердин айтымында, алар жыйналыш өткөрүп жатышкан. Бирок, бейтаптардын айтуусу боюнча, дарыгерлер кабинеттеринде эртең мененки саат 8:00дөн тарта эле жок болушкан. Мэр кырдаалды жеке көзөмөлүнө алды.










