Мектеп имаратындагы 11 кабинет мыйзамсыз менчиктештирилгени аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Свердлов райондук прокуратурасы тарабынан билим берүү мекемелеринде мыйзамдардын аткарылышын текшерүүдө №67 орто мектептин аймагындагы жалпы аянты 751,2 чарчы метрди түзгөн 11 кабинет жеке менчикке мыйзамсыз берилип кеткендиги аныкталды.
Бул факты боюнча 10-апрелде райондук прокуратура тарабынан менчик укугун жараксыз деп табуу тууралуу доо арыз Свердлов райондук сотуна келтирилип, учурда иш кароо стадиясында.
Белгилей кетсек, аталган факты боюнча УКМКнын Бишкек шаардык башкы башкармалыгы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (коррупция) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.