Бишкекте Башкы прокуратуранын имаратынын жанында эркек киши өзүн-өзү өрттөп жиберген. Маалыматты Тез жардам борборунун башкы дарыгеринин орун басары Егор Борисов журналисттерге тастыктады.
Анын айтымында, окуя болгон жерде тез жардам бригадасы иштеп жатат.
«Өзүнө өрт коёрдун алдында киши 2023-жылдын сентябрь айында эки кишиден 520 миң долларга үй сатып алганын айткан. Өзүнө каттатайын деген учурда үйдүн камакта экенин билген. Ал укук коргоо органдарына кайрылган, бирок иш жабылып жатат», — деп айтылат маалыматта.