Башкы прокурор Максат Асаналиев жаш кезинде административдик жоопкерчиликке тартылганын айтты.
Парламенттин 16-апрелдеги жыйынында депутат Дастан Бекешев “Сиз административдик же кылмыш жоопкерчилигине тартылдыңыз беле?»,- деген суроо берди.
«Кылмыш жоопкерчилигине тартылган эмесмин», — деп жооп берди Асаналиев.
«Административдик жоопкерчиликчи?» — деп сурады депутат.
«Жаш кезимде айдоочулук күбөлүк жок унаа айдап, айып төлөгөм», — деп жооп берди Башкы прокурор.