Башкы прокурор Курманкул Зулушев көк бөрү боюнча эл аралык ассоциациясынын төрагасы болуп шайланды.
Мындай чечим бүгүн, 13-августта Чолпон-Ата шаарында өткөн конгрессте кабыл алынган. Аталган ассоциациядан билдиришкендей, конгресске 9 мамлекеттен 14 улуттук федерациянын жетекчилери жана өкүлдөрү катышты. Жыйында эл аралык көк бөрү федерациясы ассоциация болуп түзүлдү.
Анын ичинде:
— ассоциациясынын президенти болуп Курманкул Зулушев;
— вице-президенттери болуп Казакстандын «Жаппай көк пар” федерациясынын президенти Гани Дирманов;
— Өзбекстандын “Улок купкари” федерациясынын төрагасы Равшанбек Адхамов;
— Орусиянын Алтай Республикасынын “Көк Бөрү” (Синий Волк) ат оюндар федерациясынын президенти Эркин Тузачинов шайланды.
Ал эми көк бөрү оюндарынын өнүгүшүнө кошкон салымдары үчүн эл аралык көк бөрү федерациясынын мурдагы вице-президенттери Аскар Салымбеков менен Набижон Жураевге (Өзбекстан) эл аралык көк бөрү ассиоциациясынын “Ардактуу президенти” наамы ыйгарылды.