Бүгүн, 20-декабрда Бишкекте Элдик курултай болуп жатат. Делегаттардын бири Камчыбек Ташиевди Манаска теңеди.
«Чек ара боюнча билбей туруп эле «диванный» эксперттер жазып жүрөт. Бирөк өтө кооптуу абал, согуш абалына жеткен эле. Ажалга тике карап, башын ажалга байлап барып Камчыбек Кыдыршаевич согуш мезгилинде ошо жерде туруп, маселени биздин пайдабызга чечип берди. Бүгүнкү күндүн Манасы десек пахта койду дейсиңер. Бирок тарых таразалайт», — деди делегат.
Камчыбек Ташиев Кыргызстанга келип, суракка кирип чыкты
Бүгүн, 19-мартта УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргызстанга кайтып, ИИМде сурак берип, андан болжолдуу 5 сааттан кийин чыкты. Ал жерге...












