Баткен районунда 2 миң жыл мурда коюлган сөөктөр табылды. Бул тууралуу Баткен мамлекеттик университетинен билдиришти.
«Баткен районунун Кызыл-Кошун-1 көрүстөнүндө мындан 2 миң жыл мурун жерге берилген адам сөөктөрү табылып, археологиялык изилдөөлөр жүргүзүлүүдө. Бул маанилүү илимий долбоор Улуттук илимдер академиясынын Тарых, археология жана этнология институту менен Баткен мамлекеттик университетинин биргелешкен кызматташтыгынын алкагында ишке ашууда»,- деп айтылат маалыматта.











