Президенттин Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев аталган облустагы 120 жана 103 жаштагы улгайган жарандардан кабар алды. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Кадамжай районунун Жеңиш айылынын тургуну 120 жаштагы Айымча Нурахмедованын 6 баласы, 48 небереси, 24 чебереси, 14 кыбырасы бар. Апанын уулу 83 жашта. «Апанын саламаттыгы жакшы» дейт жакындары.
Алга айыл аймагынын Чукур-Кыштак айылынын кадырлуу тургуну 103 жаштагы Мийзам Пазыловдун 5 баласы, 100гө жакын небере, чебере, кыбырасы бар. Анын да ден соолугу жакшы.
Облус башчысы ардагер ата-апаларга резервдик фондунан акчалай жардам көрсөтүп, аларга бекем ден соолук, бакубат жашоо каалаган. Улгайган жарандарга кам көрүүнүн бир айлыгынын алкагында ыйгарым укуктуу өкүл облустагы 100 жаштан ашкан жалпы 12 ата-апаларга акчалай жардам менен белектерин тапшырды.