Баткенде чек арада каза болгон эки баатырдын ысымы өзү жашаган көчөлөргө ыйгарылды. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Айдаркен шаарындагы көчөгө Ички иштер министрлигинин атайын багытталган полкунун кызматкери Мыктыбек Мурзажановдун ысымы ыйгарылды. Ал 2022-жылдын сентябрындагы кыргыз-тажик чек арасында орун алган куралдуу жаңжалда баатырларча курман болгон. 23 жашында мекен чегин коргоп жатып набыт болгон баатырга (каза болгондон кийин) өлкө башчысы тарабынан «Эрдик» медалы ыйгарылган.
Айдаркен шаарынын дагы бир көчөсүнө Марат Ташмирзаевдин ысымы берилди. Ал да 2022-жылдын сентябрындагы кыргыз-тажик чек арасында баатырларча курман болгон. 20 жашында мекен чегинде каза болгон чек арачы Чек ара кызматынын Бөрү атайын отрядында кызмат өтөп жаткан.
Баатырлардын ысымын ыйгаруу аземине президенттин Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев баштаган жергиликтүү жетекчилер, баатырлардын жакындары, айылдаштары, кесиптештери катышты.
Эртең, 27-июлда түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз көпчүлүк аймакта өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +21…+26, күндүз +35…+40,...
Социалдык тармакта тоодон "учуп" кеткен торпоктун видеосу тарады. Видеодо Бишкек-Ош жолу деп көрсөтүлгөн. Кулап түшкөн торпок бактыга жараша өлбөй калган....
Казань шаарында такси тармагында эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзгөн Кыргыз жарандары өлкө башчысы Садыр Жапаров менен УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылуу жасашкан....
Бишкек мэри Айбек Жунушалиев "Кабар" агенттигине унаа кыймылына чектөө киргизүү тууралуу чаралар боюнча комментарий берди. Анын айтымында, мэрия борбор калаада...