Кечээ, 17-декабрда Баткен шаарында жаңы жылдык башкы балаты салтанаттуу түрдө жандырылды.
Балаты жандыруу аземине президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменов, Баткен шаарынын мэри Сейтек Кулубаев баштаган жетекчилер, ошондой эле мекеме-ишканалардын өкүлдөрү, жаштар жана шаар тургундары катышты.
Балатынын жарыгы жанган учурдан тарта аянтта майрамдык концерттик программа башталып, маданият кызматкерлеринин, чыгармачыл жамааттардын жана жаш таланттардын өнөрлөрү тартууланган. Ошондой эле жаштар үчүн көңүлдүү музыка менен коштолгон майрамдык дискотека уюштурулуп, иш-чара шаардын тургундарына жагымдуу маанай тартуулады.








