Баткенде шеригинен ок жеген жоокердин абалы канааттандырарлык. Бул тууралуу Коргоо министрлиги билдирди.
Баткен гарнизонунун Аскер прокуратурасы кызматтык иликтөө жүргүзө баштады. Кечээ атайын багыттагы «Илбирс” аскердик бөлүгүнүн кызматкери чогуу күзөттө турган жоокерди атып салган.
«Окуянын чоо-жайын тактоо үчүн аскердик бөлүккө барган коргоо министринин орун басары окуяны иликтөөнү көзөмөлгө алды», — деп айтылат маалыматта.