Кечээ, 23-июнь күнү түштөн кийин жааган нөшөрлүү жамгырдан кийин Баткен облусунун Баткен, Лейлек, Кадамжай райондорунда жана Кызыл-Кыя шаарында сел жүрдү. Бул тууралуу аталган облустагы президенттин өкүлчүлүгүнөн маалымдашты.
Сел суулары жалпы облус боюнча 16 турак үйдүн короосуна, 3 турак үйдүн жер төлөөсүнө, 2 мал сарайга кирген. Ошол замат ӨКМ жергиликтүү башкармалыктарынан ыкчам топтор тартылып, турак үйлөр сел сууларынан тазаланды. Сел 3 баш бодо мал, 14 баш майда малды агызып кеткен. Ошондой эле 19340 метр ички чарбалык жолго, 1100 метр унаа жолуна, 6000 метр ички чарбалык арыктарга, 4000 метр сай жээгине, 50 сотых эгин талааларына зыянын тийгизген. Жолдор сел калдыктарынан тазаланып, учурда унаа жолдор жана жөө жүргүнчүлөр жүрүүчү жолдор ачылды.