Баткенде милиция кызматкерлери селден жабыркаган жарандарга жардам көрсөтүштү
Кечээ, 20-июнда Баткен районунун Көк-Таш айылында катуу жааган жамгырдын кесепетинен Көк-Таш айылына, Дахма жана Эки-Таш участокторуна сел жүргөн.
Селдин натыйжасында Дахма участкасында жана Көк-Таш айылындагы бир катар тургундардын короолорун суу каптап, айрым турак үйлөрдүн ичине чейин сел суусу кирген. Окуя болгон жерге дароо чыккан Баткен РИИБдин Көк-Таш айылдык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери сел кирген үйлөрдү кыдырып, жарандардын коопсуздугун камсыздоо боюнча иштерди жүргүзүшкөн. Алар балдарды коопсуз жайларга эвакуациялап, тургундарга жардам көрсөтүшкөн. Мындан сырткары, эс-учун жоготкон жарандарга алгачкы медициналык жардам көрсөтүлүп, тез жардам кызматы чакырылган. Жабыркагандар ооруканага жеткирилген. Ошондой эле милиция кызматкерлери Эки-Таш участкасындагы Ош-Раззаков унаа жолундагы абалга көзөмөл жүргүзүп турушкан. Жол тазаланып, кыймыл үчүн коопсуз болгондон кийин гана автоунаалардын өтүшүнө уруксат берилген.