УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Баткен шаарында 10 миң орундуу футбол стадионун курулушуна мезгил кутусун салды. Курулуш иштери келе жаткан жылы бүткөрүлүп, пайдаланууга берилет.
Стадион заманбап инфратүзүмдөр менен толугу менен камсыздалат. Стадионго караштуу аймактын жалпы аянты 100 000 чарчы метрди түзүп, 10 000 көрүүчүгө ылайыкташтырылган. Футбол аренасынан сырткары үч машыгуу оюн талааларын жана төрт кичи футбол аянтчаларын камтып, алардын жанында кийим алмаштыруучу бөлмөлөр орун алмакчы. Стадиондун аймагында профессионал футболчуларды жана жаш оюнчуларды кабыл ала турган 100 кишилик жатакана комплекси курулуп, бул футболдук борбордо 200 унаага ылайыкталган унаа токтотуучу жай орун алат.










