73 жаштагы баткендик ата жөө Бишкекке жетти. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Кара-Кыргыз автономдуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100, Баткен облусунун түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгына карата Баткен районунун 73 жаштагы тургуну Абдыбакир Имаров Баткен шаарынан Бишкек шаарына жөө жүрүш жасады. Ал 14-ноябрь күнү Баткенден жөнөп, 25 жылдыкка карата 25 күндө борборго жетүүнү максат кылган. Бирок 5-декабрда, 20 күндө Бишкекке жетти.
«Имаров аба ырайынын суугуна, жаш өзгөчөлүгүнө карабай, 1000 чакырымга жөө чыккан жүрүшүнүн максаты, кыргыз элинин баатырдыгын даңазалоо, жарандарды сергек жана бакубат жашоого үндөө», — деп айтылат маалыматта.