Баткендин кулпунайы Орусия менен Казакстанга экспорттоло баштады. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги маалымат таратты.
Кадамжай районуна караштуу Актурпак айыл аймагындагы «Кызыл Алтын» айыл чарба кооперативинде 14 киши иштейт. Алар «клери» сортундагы кулпунайдан 1 гектардан 30 тоннага чейин түшүм жыйнап, 1 килограммын 420-430 сомдон Орусия жана Казакстанга экспорттоп жатышканын билдирди.