Ишемби, 21.03.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР КООМ

Баткендин тургуну кулпунай өстүрүп, 1 килограммын 2 миң сомдон сатат

11:49 03.02.2026
0
Баткендин тургуну кулпунай өстүрүп, 1 килограммын 2 миң сомдон сатат
Баткен облусунун Миң-Чынар айылынын тургуну, 31 жаштагы дыйкан Кубаныч Барат уулу акыркы төрт жылдан бери кулпунай өстүрүү менен алектенип, туруктуу киреше табууда.

Аймакта мындай дыйканчылык сейрек кездешкенине карабастан, Кубаныч Барат уулу кулпунайды жыл бою — кышында да, жайында да өстүрүүнү ийгиликтүү жолго койгон. Бул багыт айыл чарбасында жогорку киреше алып келүүчү альтернатива катары бааланып, дыйканчылыкты диверсификациялоого шарт түзүүдө. Ал 2022-жылы атайын окуудан өтүп, 2023-жылы заманбап күнөскана курган. Дыйкан бул тажрыйбаны коңшу Өзбекстандан көрүп, керектүү материалдарды ошол жактан алып келип, иш жүзүндө колдонгонун белгилейт. Алгач кореялык «Сохен» сортундагы кулпунайды өстүрүп, жакшы түшүм алган. Учурда болсо Ош шаарынан алынып келген «Кабирелло» сортундагы көчөттөрдү отургузуп, андан мол түшүм алып жатат. Бул сорттор базар талабына жооп берип, сапаты жана түшүмдүүлүгү менен айырмаланат.

Күнөсканада заманбап жылытуу жана тамчылатып сугаруу системалары орнотулган. Кыш мезгилинде күнүнө орточо 300 килограмм көмүр сарпталат. Тамчылатып сугаруу сууну үнөмдүү пайдаланууга жана өсүмдүктүн түшүмдүүлүгүн жогорулатууга өбөлгө түзөт. Дыйкан жаңы агротехнологияларды өздөштүрүү максатында ар дайым семинарларга жана окууларга катышып, билимин үзгүлтүксүз өркүндөтүп келет. Мурда кулпунайын Ош шаарында сатса, учурда Баткен облусундагы соода түйүндөрүнө өткөрүп жатат. Учурда кулпунайдын базар баасы 1 килограммы 1500 сомдон жогору, кыш айларында 2000 сомго чейин, ал эми апрель айында 700-800 сомго чейин төмөндөйт.

Күнөскананын жалпы аянты 10 сотыхты түзөт. Мындан тышкары, дыйкан кулпунайды 90 жана 15 сотых ачык жерге да отургузган. Ал жерлердеги түшүм апрель айында бышып жетилет. Дыйкандын айтымында, 10 сотых күнөсканадан 500 килограммдан ашык, ал эми 1 гектар аянттан 25 тоннага чейин кулпунай жыйноого мүмкүн. Бул иш-аракет Баткен облусунда айыл чарбасын өнүктүрүүгө, жаштарды дыйканчылыкка тартууга, заманбап технологияларды киргизүүгө жана ички рынокту жергиликтүү продукция менен камсыздоого жакшы үлгү болуп саналат.
БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
СЕРЕП МЕДИА

СЕРЕП МЕДИА

Окшош

Ош шаарынын борбордук мечити 5 миң кишиге ылайыкталып жаңыдан курулат

Ош шаарынын борбордук мечити 5 миң кишиге ылайыкталып жаңыдан курулат

Автор СЕРЕП МЕДИА
11:45 21.03.2026
0

Кечээ, 20-март күнү Ош шаарындагы «Имам аль Бухарий – Алай» атындагы борбордук мечитте окулган айт намаз алкагында, жаңыдан курулуучу мечиттин...

1-апрелден тартып медицина тармагынын кызматкерлеринин маянасы 100% көтөрүлөт

1-апрелден тартып медицина тармагынын кызматкерлеринин маянасы 100% көтөрүлөт

Автор СЕРЕП МЕДИА
11:38 21.03.2026
0

1-апрелден тартып медицина тармагынын кызматкерлеринин эмгек маяналары 100% көтөрүлөт. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов соцтармактагы баракчасы аркылуу...

Садыр Жапаров иш сапары менен Нарынга барат

Садыр Жапаров иш сапары менен Нарынга барат

Автор СЕРЕП МЕДИА
10:35 21.03.2026
0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 21-мартта бир күндүк иш сапары менен Нарын облусуна барат. Сапардын алкагында мамлекет башчысы жаӊыланууну, биримдикти жана...

ИИМ Айт намаз учурунда коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздады

ИИМ Айт намаз учурунда коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздады

Автор СЕРЕП МЕДИА
10:21 20.03.2026
0

Кыргыз Республикасында майрамдык Айт намаз болуп, миңдеген адамдар намаз окууга чогулду. Коомдук тартипти жана коопсуздукту 12 миңден ашуун ички иштер...

Төрага Марлен Маматалиев эски аянтта уюштурулган Орозо айт намазына катышты

Төрага Марлен Маматалиев эски аянтта уюштурулган Орозо айт намазына катышты

Автор СЕРЕП МЕДИА
10:12 20.03.2026
0

Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев президент Садыр Жапаров баштаган жетекчилер, дин аалымдары жана мекендештер менен бирге Орозо айт намазын окуду....

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
1-апрелден тартып медицина тармагынын кызматкерлеринин маянасы 100% көтөрүлөт

1-апрелден тартып медицина тармагынын кызматкерлеринин маянасы 100% көтөрүлөт

11:38 21.03.2026
Садыр Жапаров иш сапары менен Нарынга барат

Садыр Жапаров иш сапары менен Нарынга барат

10:35 21.03.2026
Ош шаарынын борбордук мечити 5 миң кишиге ылайыкталып жаңыдан курулат

Ош шаарынын борбордук мечити 5 миң кишиге ылайыкталып жаңыдан курулат

11:45 21.03.2026
Ош шаарынын борбордук мечити 5 миң кишиге ылайыкталып жаңыдан курулат

Ош шаарынын борбордук мечити 5 миң кишиге ылайыкталып жаңыдан курулат

11:45 21.03.2026
1-апрелден тартып медицина тармагынын кызматкерлеринин маянасы 100% көтөрүлөт

1-апрелден тартып медицина тармагынын кызматкерлеринин маянасы 100% көтөрүлөт

11:38 21.03.2026
Садыр Жапаров иш сапары менен Нарынга барат

Садыр Жапаров иш сапары менен Нарынга барат

10:35 21.03.2026

АРХИВ

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
« Фев    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү