Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев шаардык төрөт үйүнө барып, аймагын көрүп чыкты. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Шаар башчысы жеринде тиешелүү жетекчилерге оорукананын айланасын жалпы иретке келтирүү менен бирге көрктөндүрүү жана жашылдандыруу, жанында жайгашкан каналды тазалоо, жөө жүрүүчүлөр үчүн тротуарларды куруу, тепкичтерди оңдоп-түзөө боюнча тапшырмаларды берди.