Бекешев: "Кел-Сууга баруу үчүн уруксат алуу жол-жобосу жөнөкөйлөштүрүлүп жатат"
"Кел-Сууга баруу үчүн Кыргызстандын эң кооз жерлеринин бирин көрүү каалоосу эле жетишсиз. Чек арага жакын аймакка кирүүгө алдын ала уруксат алуу керек. Биздин жарандар үчүн бул ашыкча бюрократия болсо, чет элдик туристтер үчүн андан да түйшүктүү". Бул тууралуу депутат Дастан Бекешев соцтармактагы баракчасына жазды.
"Август айында Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевге кайрылып, уруксат алуу жол-жобосун жөнөкөйлөштүрүп, аны санариптик форматка өткөрүүнү сунуштагам. Азыр мага 7 беттен турган кеңири жооп келди. Көрсө, бул багытта иш буга чейин эле жүрүп жатыптыр. Ал эми менин кайрылуумдан кийин, 21-августта бул маселе ведомстволор аралык жыйында өзүнчө талкууланган.
Эң негизгиси — «Tunduk Travel» тиркемеси жана сайты иштелип жатат. Алар аркылуу арыз берүүгө, керектүү документтерди жүктөөгө, кызмат акысын төлөөгө жана QR-коду бар электрондук уруксат алууга болот. Чет элдик туристтер үчүн көп тилдүү сервис да каралат. «Tunduk Travel» платформасын сентябрдын ортосунда ишке киргизүү пландалууда.
Кызыгы, адистер уруксат алуу процедурасынын бардык этаптарына канча убакыт кетерин да эсептеп чыгышкан. Орточо эсеп менен УКМКда макулдашуу 1 күн 2 саатка жакын, ал эми Чек ара кызматында 1 күн 20 сааттай убакытты алат. УКМК текшерүү мөөнөтүн азырынча эки күндөн да аз убакытка кыскартууга болбойт деп эсептейт. Бул улуттук коопсуздук кызыкчылыгында жүргүзүлүүчү текшерүүлөрдүн зарылдыгы менен түшүндүрүлүүдө.
Ошондуктан азыр негизги басым текшерүүнү толугу менен алып салууга эмес, жарандар документ алуу үчүн ар кайсы мекемелердин эшигин кагып жүрбөй тургандай шарт түзүүгө жасалууда.
Бул пландар кагаз жүзүндө гана калбай, жакынкы убакта уруксат алуу процесси биздин жарандар үчүн да, чет элдик туристтер үчүн да кыйла жеңил, тез жана ыңгайлуу болот деп ишенем", - деп жазылат билдирүүдө.