Беларуста Кыргызстандын качкын президенти Курманбек Бакиевдин үй-бүлөсүнө тиешелүү болгон компания банкрот болду. Бул тууралуу Беларустун Жогорку сотунун маалыматына таянуу менен маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, кеп 2020-жылдын жайында пайда болгон жана имараттарды куруу менен алектенген «Ретсгаб дер строй» компаниясы жөнүндө болуп жатат.
«8-январда Минск шаарынын соту «Рецгаб дер строй» компаниясынын банкроттук ишин карады. Салык министрлигинин Минск шаарынын Ленин району боюнча инспекциясынын өкүлдөрү сотко кайрылган. 2024-жылдын февраль айында компаниянын ээлери аны жоюуну чечишкен. Ошол убакта анын салык карыздары бар болчу», — деп жазат белорусиялык маалымат каражаттары.