Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Аксы районунун авариялык абалдагы Жоробаев атындагы №65 жана Сулайманкулов атындагы №33 Торук жалпы орто билим берүү мектебинин абалы менен таанышты.
Министр мектеп жетекчилерине жана акимге мектеп имаратына аяр мамиле жасап, жоопкерчилик менен сактоого чакырды. Ошондой эле мектеп жамаатына билим берүү тармагындагы өзгөрүүлөр, жаңы чакырыктар, билим сапатын жогорулатуу боюнча маалымат берди. Сары-Кашка айылында жайгашкан №65 мектеби 2003-жылы эреже-нормалары сакталбай ашар жолу менен курулгандыктан негизги бѳлүктүн эки тарабындагы эски имарат кошумча корпус катары капиталдык оңдоодон ѳткѳрүлүп, ошол эле жылы пайдаланууга берилген. Бүгүнкү күнү 426 окуучу билим алууда. 39 мугалим эмгектенет. Кырсыкты алдын алуу, материалдык чыгымдарга жана адам ѳмүрүнүн кыйылуусуна жол бербѳѳ максатында жаңыдан окуу процесстеринин жана курулуш талаптарына жооп бере турган мектептин имаратын куруу чечими чыгып, 2025-жылдагы сметасына кирген.
Ал эми Торук айылында жайгашкан №33 Торук жалпы орто билим берүү мектеби эки корпустан турат. Биринчи корпусу Ульянов колхозу тарабынан 1990-жылы бала бакча катары курулган. Абалы канааттандырарлык. Экинчи корпусу 2002-жылы жергиликтүү тургундар тарабынан ашар жолу менен салынган. Аксы райондук Жарандык коргонуу боюнча комиссиясы тарабынан 2021-жылдын 9-февралында экинчи окуу корпусунда окуу жараяны токтотулсун деген АКТы түзүлүп, сметага кирген. Учурда 438 окуучу билим алып, 34 мугалим 11 кенже кызматкер эмгектенүүдө.
Жогорку Кеңештин төрагасынын биринчи орун басары Медербек Алиев Жаштар парламентинин 15 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты. Иш-чарада сөз сүйлөгөн Медербек...
«Эл үмүтү – Ата-Журт» депутаттык тобу Кыргыз Республикасындагы ветеринардык кызмат көрсөтүүнүн абалы тууралуу маалымат укту. Жыйынга тиешелүү министрликтердин жана башка...
Жыйында баяндама жасаган Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Мирланбек Байгончоков министрлик тарабынан аткарылган калктын жашоо деңгээлин жакшыртууга,...
Агартуу министрлиги социалдык тармактарда тараган окуучулардын ата-энелери менен мугалимдердин ортосундагы түшүнбөстүктөр боюнча төмөнкүлөрдү маалымдайт. Ош облусунун Алай райондук билим берүү...
"Эмгек министрлигине байланышкан жол-жоболордун татаалдыгы жана ашыкча бюрократия тууралуу жарандардан көп кайрылуулар түшүп жатат. Министрлик жөлөкпулдарды жана башка документтерди алуу...