Билим берүү министринин орун басары Лира Самыкбаева эмделбеген балдар мектепке кабыл алынбай турганын эскертти.
Анын айтымында, 15-августтан кийин мектепке эки медициналык маалымкат тапшырылышы керек. Ал жалпы кароодон өткөндүгү жана эмдөөлөрдү алганы тууралуу маалымкат. «Жарлыкка ылайык, эмделбеген балдар мектепке кабыл алынбайт», — деди министрдин орун басары.
Алдыда Саламаттыкты сактоо министрлиги менен биргеликте бул справкаларды ата-энелерден сурабай, автоматтык түрдө алуу пландалып жатат.