Бүгүн, 20-декабрда Бишкек шаарында президент Садыр Жапаровдун катышуусунда үчүнчү Элдик курултай өтүп жатат.
Асылбек Абдыкадыров сөз сүйлөп, Ноокен районундагы көйгөйлөрдү айтты. Ал убакыттын тардыгына байланыштуу үч көйгөйдү айтты. Алар: суу кампасын куруу жана суугат сууга болгон төлөмдөр, минералдык жер семирткичтерди алып келүү жана текстиль фабрикасынын курулушу.
«Курултайда сөз эркиндиги жок. Делегаттар да «дүжүрлөр» дегендер бар»,- деди ал.
«Кимди сүйлөтөм десеңер трибуна силердики. Ачык айткыла. Силердин чапаныңарды эч ким чечип албайт. Бир тал чачыңар түшпөйт. Сөз эркиндиги бар, болуп келген. Сөз эркиндик менен ушак-айыңды, мазактоону, калп айтууну аламаштырып албасаңар болду»,- деди өлкө башчысы.











