Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек жылуулук электр борборундагы штаттык эмес кырдаалдын кесепеттерин жоюу боюнча ыкчам штабдын жыйынын өткөрдү.
Белгиленгендей, абал туруктуу, жабдуулар штаттык режимде иштеп жатат. Учурда 9 казан агрегаты жана 4 турбогенератор иштеп жатат, суунун температурасы 60-65 градуска жакын.
Энергетика министрлигинин маалымат боюнча, Бишкекке Орусиядан адистер келип, алар ата мекендик энергетиктер менен биргеликте ЖЭБди реконструкциялоо, оңдоо иштерин, объектини узак мөөнөткө долбоорлоо мүмкүнчүлүгүн талкуулашууда. Министрлер кабинетинин башчысы оңдоо иштерин тездетүү жана күчөтүү зарылдыгын белгиледи.
«Мындай жагдайлардын кайталанышына жол берүүгө болбойт. Бакыт Төрөбаев башында турган мамлекеттик комиссия окуянын ыктымал себептерин иликтейт. Ошол эле учурда имараттардын ичинде, зарыл болгон учурда эскертүүчү жана көзөмөлдөөчү тиешелүү датчиктерди орнотуу зарылчылыгын карап көрүү керек».
Кыргыз маданияты оор жоготууга учурады. Бүгүн, 26-июлда Кыргыз Республикасынын эл артисти Токтобек Сатаров дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Маданият министрлигинен маалымдашты....
Түндүк-түштүк - Казарман - Балыкчы альтернативдик автоунаа жолундагы (Тогуз-Торо-Жумгал) аралыгында Капчыгай участкасында чоң көлөмдөгү таш көчкүлөрүн тазалоо жана жардыруу иштери...
26-июлга караган түнү өлкөдө жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Ош, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кыска мөөнөттүү...
Энергетика министрлиги Кыргызстанда 24-июль күнү электр энергиясын колдонуу эң жогорку чекке жеткенин билдирди. "Жай мезгилинде аба ырайы катуу ысыгандыктан улам,...