Мэриянын коомдук талкууга койгон мыйзам долбооруна ылайык Бишкекте бир катар айып пулдардын баасы көтөрүлөт.
Долбоордо көрсөтүлгөн нормаларга ылайык:
— Айлананы көрктөндүрүү эрежелерин бузгандарга — 5,5 миң сом, юридикалык жактарга 17 миң сом. Мурда 3 миң/13 миң сом болчу;
— Белгиленбеген жерлерге таштанды таштагандарга — 7,5 миң сом, юридикалык жактарга 23 миң сом. Мурда 5,5 миң/ 17 миң сом болчу;
— Өндүрүш, өнөр жай жана медициналык калдыктарды белгиленбеген жерге таштагандарга — 10 миң сом, юридикалык жактарга 28 миң сом. Мурда 7,5 миң/23 миң сом болчу;
— Таштанды өрттөгөндөргө — 12,5 миң сом, юридикалык жактарга 35 миң сом. Мурда 7,5 миң/23 миң сом болчу;
— Темир жол өтмөгүн же жол белгилерин бузгандарга — 10 миң сом, юридикалык жактарга 28 миң сом. Мурда 5,5 миң/17 миң сом болчу;
— Жол эрежесине коркунуч жараткандай жолдун булганышына себеп болгондорго —12,5 миң сом, юридикалык жактарга 35 миң сом. Мурда 7,5 миң/23 миң сом болчу;
— Жолдо уруксатсыз оңдоо иштерин жүргүзгөндөргө —15 миң сом, юридикалык жактарга 45 миң сом. Мурда 12,5 миң/35 миң сом болчу;
— Жол жээктеринде соода түйүн, тамактануучу жай, жол белги сыяктуу мыйзамсыз объектилерди орноткондорго — 5,5 миң сом, юридикалык жактарга 17 миң сом. Мурда 3 миң/13 миң сом болчу;
— Жолго караштуу жерди айдоо, көк майсанга унаа койгон, тигилген бак-дарактарды зыянга учураткан, саркынды сууларын арыктарга агызгандарга — 10 миң сом, юридикалык жактарга 28 миң сом. Мурда 5,5 миң/17 миң сом болчу;
— Белгиленбеген жерде соода кылгандарга — 5,5 миң сом, юридикалык жактарга 17 миң сом. Мурда 3 миң/13 миң сом болчу.