Бишкек шаарында муниципалдык жер тилкелерин пайдаланууда мыйзам бузуулар аныкталып, Биринчи май райондук сотунун чечими менен объекттин ээлери өз ыктыяры менен демонтаж кылышкан. Жер тилкеси бошотулуп, муниципалитеттин карамагына кайтарылган. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.
Маалыма болгондой, Биринчи май районунун прокуратурасы тарабынан мыйзам талаптарында одоно мыйзам бузууларды аныктаган. Текшерүүнүн жүрүшүндө Лев Толстой көчөсүндөгү эки муниципалдык жер тилкеси мыйзамсыз пайдаланылып жатканы аныкталган.
«Убактылуу пайдаланууга берилген 0,215 га (2000-жылы) жана 0,03 га (1999-жылы) жер тилкелери келишимдик документтер талаптагыдай пайдаланылган эмес. Мэрия муниципалдык жер тилкелеринде жайгашкан объектилерди бузуу жана демонтаждоо жолу менен баштапкы абалына кайтаруу боюнча Биринчи май райондук сотуна доо арыз менен кайрылган. Соттун чечими менен менчик ээси 2450 чарчы метр объектти өз ыктыяры менен демонтаж кылган. Жер тилкеси бошотулуп, муниципалитеттин карамагына кайтарылды», — деп жазылат маалыматта.