Бишкек мэриясы иштеп жаткан аттракциондон кулаган 19 жаштагы кыз боюнча маалымат берди.
Маалыматка караганда, аттракцион иштеп жаткан маалда эки коопсуздук куру үзүлүп кеткен.
Муниципалитет учурда иликтөө башталып, техникалык текшерүү жүрүп жатканын айтты. Буга чейин парктын администрациясы менен бир нече жолу аттракциондордун баарын тийиштүү коопсуз абалга келтирүү боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндүгү белгиленди. Парктын администрациясы аттракциондордун баары тиешелүү абалда экенин, инструкторлор аны иштетүүнүн алдында кардарларды текшерип чыгарын билдирди.
Ошондой эле парктын администрациясы аттракционду иштетер алдында кызга бутун темирден чыгарбоону бир нече ирет эскерткенин, бирок ал аны аткарбаганын айтты. Администрация коопсуздук курларынын үзүлүп кетишинин себептеринин бири ушул болушу мүмкүн экенин болжолдоду. Парк жабырлануучунун бардык чыгымын көтөрөрүн билдирди.
Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу үй-бүлөсүнүн атынан өз каражатына 14 балалуу Майрамбек Алыбаевге Honda Stepwgn үлгүсүндөгү унаанын ачкычын тапшырды....
Кыргызстанда айдоочулукка талапкерлер 083/у медициналык маалымкатты онлайн алса болот. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти. "Эми Кыргыз Республикасынын жарандары транспорт...
17-19-июнь күндөрү ысык аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. Абанын күндүзгү температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө +39…+41°ка...
Кыргыз улуттук “Манас” театрынын төкмө акыны Нурсултан Малдыбаев Казакстандагы өткөрүлгөн айтышта II орунга ээ болду. Бул тууралуу аталган театрдан билдиришти....