Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгы ата-энелерди өтө маанилүү жагдайга көңүл бурууга чакырат.
Баарына белгилүү болгондой, жаш балдар уюлдук телефон аркылуу онлайн оюндарда көп убакыт өткөрүшөт. Алардын ичинен Roblox оюну эң популярдуулукту ээлейт. Бир караганда, оюн жөнөкөйдөй көрүнүшү мүмкүн, бирок анын артында төмөндөгү кооптуу учурлар болушу мүмкүн:
• Баланын жаш курагына туура келбеген маалыматтын таралышы;
• Алардан мыйзамсыз иштерге же кылмыштарга аралашуусу;
• Чоочун адамдар менен байланыш түзүүсү;
• Ата-энелеринин банктык карталарынын колдонулушу;
• Кылмыштуу кылууга шарттарды түзүүнү.
Өз балдарыңызды коргоо үчүн төмөнкү эрежелерди сактаңыздар:
• Балдарыңыздын кандай оюндарды ойногонун көзөмөлдөңүз;
• Алар интернетте ким менен сүйлөшөрүн билип туруңуз;
• Онлайн оюндарда өткөрүлгөн убакытты чектеңиз;
• Мобилдик түзмөктөрдө ата-эне көзөмөлүн колдонуп туруңуз;
• Балдарыңызга көбүрөөк убакыт бөлүп, сиздин коргооңузда экенин билдирип туруңуз.








