SerepTV Logo

«75 адамдын каты»: Бишкек шаардык соту айыпталуучулардын баарына беренени өзгөртүп, 2 жылдык пробация берди

«75 адамдын каты»: Бишкек шаардык соту айыпталуучулардын баарына беренени өзгөртүп, 2 жылдык пробация берди

Бишкек шаардык соту 10-сентябрда «75 адамдын каты» боюнча ишти карап, чечим чыгарды.

Жактоочу Латыпбек Нуралимовдун маалыматына караганда, сот айыпталуучулардын баарына 2 жылдык пробациялык мөөнөт берди. Ошондой эле бийликти басып алуу беренеси Кылмыш-жаза кодексинин 195-беренесине — шайлоо укуктарын жүзөгө ашырууга тоскоолдук кылуу беренесине кайра квалификацияланды.

Бишкек шаардык соту мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүүгө чакырык жасаган саясатчылар жана коомдук ишмерлердин кайрылуусу — «75тин каты» боюнча бийликти басып алуу ишине байланыштуу апелляциялык арыздарды караган.

Иш боюнча 8 адам айыпталуучу катары өтүп жаткан: Министрлер кабинетинин төрагасынын мурдагы орун басары жана УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев, мурдагы башкы прокурор Курманкул Зулушев, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу, ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов, мурдагы вице-премьер Аалы Карашев, саясатчылар Эмилбек Узакбаев жана Бекболот Талгарбеков, ошондой эле президенттин Жогорку Кеңештеги мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлү Курманбек Дыйканбаев.

2-июлда Биринчи май райондук соту аларды бийликти басып алуу боюнча күнөөлүү деп тапкан. 30-июлда Ташиев өкүмгө апелляциялык арыз берген. Ал эми 3-августта Башкы прокуратура апелляциялык сунуштама киргизген. 

SEREP MEDIA