Бишкек шаарында бүгүнкү күндө 7 отун базасы жана калкка көмүр сатуучу 20 стационардык пункт бар. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Казакстандын көмүрүнүн баасы жүктөөнү эсепке алганда тоннасына 4 миң 500 сом экени көрсөтүлгөн. Кара-Кече кенинен чыккан жергиликтүү көмүрдүн баасы тоннасына 3 миң сомдон 5 миң 700 сомго чейин болууда.
Ленин району:
- «Ак-Жол» — Мурманская, 1а ( «Шабыркүл» — тоннасы 4,5 миң сом;
- «Торг-Синтез» — Мурманская, 59а («Кара-Жыра» — 4,5 миң сом);
- «Береке» — Мурманская, 259 («Кара-Кече» — 4,5 миңден 5,7 миң сомго чейин);
- «Беш-Сары» — Мурманская, 1б («Кара-Кече» — 3 миң);
- Мурманская, 306б («Кара-Кече» — 3 миң).
Октябрь району:
- «Торг-Синтез» — «Төкөлдөш» конушу «Аламедин» станциясы («Кара-Жыра» — 4,5 миң сом).
Свердлов району:
- «Гефест» — Достоевский, 1 («Шабыркүл» — 4,5 миң сом).