Бишкек ШИИББнын Кылмыш иликтөө башкармалыгынын башчысы Улан Бердибаевге жана Коомдук коопсуздук кызматынын башчысы Гайрат Рахмановго ээлеген кызматына толук эместиги жөнүндө эскертүү тартиптик жазасы берилди. Ал эми Кылмыш иликтөө башкармалыгынын башчысынын орун басары Канат Айдакеев ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Баардыгы болуп Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын 8 жетекчисинин жоопкерчилиги каралды.
Ошону менен бирге Бишкек шаарынын төрт районунун ички иштер башкармалыктарына мыйзам бузуунун жана кызматтык тартиптүүлүктү алдын алуу максатында ички иликтөө кызматынын бирден кошумча кызмат орду киргизилди.