Жалал-Абадда 29 жаштагы Немат уулу Дүйшө апрель айынан бери дайынсыз болууда. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, 20-апрель күнү саат 15:00 чамасында Сузак районунун Барпы айыл аймагынын Чаңгет-Сай айылынын 1992-жылы туулган тургуну Немат уулу Дүйшө өзү жашаган үйүнөн “Бишкек шаарына барып иштеп келем” деп чыгып кеткен бойдон дайынсыз болууда.12-май күнү дайынсыз болуп жаткан жигитти Бишкек шаарынан көргөндөр болгон.
Учурда Немат уулу Дүйшөнүн жүргөн жерин аныктоого мүмкүнчүлүк болбой жаткандыгына байланыштуу туугандары жана милиция аны табууга коомчулуктан жардам сурайт.
Белгилери: Бою 165-170 см, ак жүздүү, кашы, көзү, чачы кара, орто дене түзүлүштө, сол кашынын астында авариядан калган тырыгы бар.
Кийген кийимдери: Үстүндө көк түстөгү спорттук кийим, көк түстөгү жынсы шым, бутунда кара түстөгү спорттук бут кийим болгон.
Дайынсыз болуп жаткан Немат уулу Дүйшө тууралуу кандайдыр бир маалымат болсо, (03748) 5 02 09, 0778 15 15 91, 0558 16 16 91 номурларына же «102» кызматы менен байланышсаңыздар болот.