УКМК «Бишкекке качкын президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиев келди» деген маалымат чындыкка дал келбей турганын билдирди.
«Социалдык тармактарда Максим Бакиевдин Бишкекке учуп келгени, аны атайын кызмат коштоп жүргөнү тууралуу маалымат тарап жатат. Бул чындыкка дал келбейт»,- деп айтылат маалыматта.
«Максим Бакиев Кыргызстанда соттолгон, эгерде ал Бишкекке келсе, дароо кармалмак», — деп түшүндүрдү УКМК.