Бишкекке тик учак алып келинди
Президент Садыр Жапаров Орусиянын президенти Владимир Путин менен болгон сүйлөшүүсүнүн натыйжасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигине Ми-8 МТВ үлгүсүндөгү тик учак алынып, ал Бишкекке конду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынын жетекчиси билдирди.
"Тик учак болгон мүмкүнчүлүктөрүн колдонуучу аппараттары менен алынды. Лебедка, кислороддук аппарат, медициналык модуль, өрт өчүрүчүү шайманы (водосливное устройство), жүргүнчү отургучтары, 2 жамбашында кошумча май бактары, жаңыртылган күчтүүрөөк кыймылдаткыч коюлган. Өзгөчө кырдаалдар тармагындагы техникалар улам жаңыланып, мүмкүнчүлүктөрү кеңейип жатат", - дешти.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="208408,208409"]