Бишкекте 2009-жылы туулган Арзыкан Сүйүнова изделүүдө. Ал 1-мартта Кумарык көчөсүндө жайгашкан үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайрылып барган эмес.
Ленин РИИБге Арзыкандын апасы арыз менен кайрылган. Анын айтымында, кызы кээде ден соолугуна байланыштуу эс-учун жоготуп, кулап калчу.
Кийген кийимдери: боз түстөгү куртка, көк жынсы, көк түстөгү спорттук бут кийим.
Эгерде сизде Арзыкан Сүйүнованын жүргөн жерин аныктоого көмөктөшкөн маалыматтар болсо, төмөнкү телефон номурлар аркылуу кабарлаңыз: 0 (312) 35 29 47, 0 (312) 65 05 22, 0 705 307 703 же 102.