Бишкек шаарында 21-апрелден 31-майга чейин профилактикалык жана оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу ысык суу өчүрүлөт.
Тиешелүү буйрукка Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев кол койду.
Өчүрүү жыл сайын профилактикалык иштерин жана жылуулук жабдууларын, отканаларды, жылуулук тармактарын, жылуулук керектөө системаларын жылытуу мезгилине сапаттуу жана өз убагында даярдоону камсыз кылуу үчүн жүргүзүлөт.