7-9-апрель күндөрү кыргыз-түрк достугу ооруканасында өнөкөт бөйрөк жетишсиздигинен жабыркаган үч бейтапка бөйрөк алмаштыруу операциясы ийгиликтүү жасалды. Бардык хирургиялык операциялар ийгиликтүү аяктап, бейтаптардын жана донорлордун абалы туруктуу деп бааланууда. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.
Операцияларды Түркия Республикасынан келген жогорку квалификациялуу трансплантологдордун тобу жүргүздү. Бул иш-чара Кыргызстан менен Түркиянын Саламаттык сактоо министрликтеринин ортосунда 2024-жылдын 5-ноябрында түзүлгөн органдарды трансплантациялоо жаатында кызматташуу боюнча протоколдун алкагында ишке ашты.
Министр ошондой эле 2023-жылы бөйрөк алмаштыруу операциялары жасалган бейтаптар, алардын донорлору жана жакындары менен жолугушту. Жолугушууда катышуучулар операциядан кийинки абалынын жакшырып, жашоо сапатынын жогорулаганын айтышты.
Садыр Жапаровдун демилгеси менен 2023-жылдын май айында кыргыз-түрк достугу ооруканасынын базасында трансплантологияны өнүктүрүү иштери башталган. Ал эми ошол эле жылдын август айында көп жылдар бою диализ алып келген жарандарга алгачкы бөйрөк алмаштыруу операциялары жүргүзүлгөн. Операциядан соң бейтаптар Улуттук госпиталдын көзөмөлүнө өткөрүлгөн.