Бишкекте 31-августта Эгемендүүлүк күнүнө арналган майрамдык концерт болот. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Иш-чара саат 18:00дө «Ала-Тоо» аянтында башталат.
Сахнага Иса Өмүркулов, Азат Раимбердиев, Бек Исраилов, Гүлнур Сатылганова, Гүлзинат Суранчиева, Jax, Freeman, Бегиш, Малика Дина жана башка эстрада ырчылары чыгышат.







