Бишкекте 1949-жылы туулган Акматов Умарбай Эшеналиевич изделүүдө. Бул тууралуу 16-сентябрда Свердлов РИИБден билдиришти.
Ал 15-сентябрда таңкы саат 10:00 чамасында Абдыкадыров көчөсүндөгү үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайтып барган эмес. Анын кызы милицияга кайрылган.
Милиция адамды көргөн же кайда экенин билген жарандардан төмөнкү номурларга байланышып маалымат берүүнү суранат: 0 (312) 43-28-1; 0 (500) 43-28-15; 0 (707) 102-999.










