Бишкекте 9 жаштагы баланын ашказанынан чупа-чупстун желим таякчасын алып чыгышты.
Окуя 5-июлда болгон. Эне жана баланы коргоо борборуна 9 жаштагы бала ичи ооруп жатканын айтып кайрылып, медиктер аны 3-балдар ооруканасынан жиберишкен.
Дарыгерлер ал чупа-чупс жутуп алганын аныктап, гастроскопиядан кийин ашказанынан желим таякча алып чыгышкан. Баланын абалы туруктуу экени, үйүнө чыгарылганы кошумчаланды.
Саламаттык сактоо министрлиги балдарга жатарда ар кандай тамак-аш бербөөгө чакырды.











