Синоптиктердин кабарлоосуна караганда, жакынкы күндөрү Бишкекте абанын температурасы 0 градустан төмөн түшүп, жолдор муз болушу мүмкүн. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Мындан улам жол тескөөчүлөр айдоочуларга кайрылып, айдоо ылдамдыгын олуттуу кыскартуу, алдыдагыларга чейинки аралыкты сактоо, ашып өтүү сыяктуу капыстан маневрлерден качуу керек экенин билдирди.
«Кар жаап, жол шарттарынын начарлашына байланыштуу тобокелдиктерди азайтуу үчүн түнкүсүн унаа менен жүрүүнү чектөөнү сунуштайбыз»,- деп айтылат маалыматта.