Бул тууралуу ЖКККнын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, 2025-жылдын 26-ноябрында болжол менен саат 7:05те Боталиев жана Кызыл-Кыя көчөлөрүнүн кесилишинде иштеп жаткан «Тазалык» ишканасынын 59 жаштагы кызматкерин автоунаа сүзүп кеткен.
«Тазалыктын» кызматкери 27-ноябрда Улуттук госпиталда алган жаракаттарынан улам эсине келе албай каза болду. Кайгуул кызматынын издөө бөлүмү окуяга тиешеси бар айдоочуну кармады. Кармалган 1989-жылы туулган Т.А. аттуу жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди» деп билдиришти башкармалыктан.









