Бүгүн, 7-апрелде жылуулук түтүктөрүн алмаштыруу иштерине байланыштуу Рыскулов көчөсү менен Жаш Гвардия бульварынын кесилиши убактылуу жабылды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
• №7, №34 жана №102 автобус каттамдарынын багыты убактылуу өзгөртүлүп, Жаш Гвардия бульвары аркылуу жүрүшөт.
•№133, №161, №173, №200, №211, №218 жана №290 микроавтобус каттамдарынын кыймыл багыты жарым-жартылай өзгөртүлүп, Жибек-Жолу проспектиси аркылуу айланып өтүшөт.