Унаалар эми Чыңгыз Айтматов проспекти менен Түштүк магистралдан Ахунбаев көчөсүнө чейин өтө албайт. Аталган тилке оңдоо иштеринен улам жабылды.
Жолдун эки чети жасалып жатканы менен трасса буга чейин унаалар үчүн ачык болчу. Алдын ала эскертүү берилбей жабылып калгандыктан, эртең менен бул райондо узун тыгын жаралып, шаардыктардын нааразычылыгын жаратты.









