Министрлер кабинети Бишкектеги жаңы акы төлөнүүчү Чыгыш айланма жолун куруу жана тейлөө долбоорун жактырды. Жолду «долбоордук кум коргоочу аймак» (проектная песочница) форматында куруу пландалууда. Токтомго ылайык, мамлекеттик өнөктөштөр болуп Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, Президенттин Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнүн аппараты жана Бишкек шаарынын мэриясы чыгат.
Долбоорду ишке ашыруу үчүн мекемелер жалпы аянты 79,8 гектар жер тилкелерин тандап, тариздеп, зарыл болсо алардын багытын өзгөртүп, бардык кошумча процедураларды аткарышы керек.
Мындан тышкары, Маданият министрлигине участокко археологиялык экспертиза жүргүзүү тапшырылды, ал эми Курулуш жана Жаратылыш ресурстары министрликтери курулуш жана экологиялык макулдашууларды камсыздайт. Курулуш иштерине керектүү материалдар белгиленген тартипте карьерлерден алынып берилет.
Токтом 15 күндөн кийин күчүнө кирет. Документке Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон.
Кыргыз тилин шылдыңдаган жарандар элден кечирим сурашты
Социалдык тармактарда жарандар тарабынан кыргыз тилин шылдыңдаган видео материал жарыяланып, коомчулукта кеңири талкуу жараткан. Аталган факт Бишкек ШИИББдин Маалыматты каттоо...








