Милиция «Антикино» аттуу профилактикалык иш-чара өткөрдү. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.
23-24-октябрь күндөрү милиция кызматкерлери өздөрүн «Антикино» деп атаган жайларды текшеришкен.
Текшерүү маалында ичинен бекинип алып, жалгыз калууга мүмкүн болгон бөлмөлөр аныкталган. Мисалы, ошол жайлардын биринде жаш жигит менен өспүрүм кыз табылган. Алар милиция менен сүйлөшүүдө «ойноп жаттык» деп түшүндүрүшкөн.
Мындай ишмердүүлүк өз маңызы боюнча тиешелүү лицензиясыз мейманкана кызматын көрсөтүүгө тете экени белгиленди.
Посмотреть эту публикацию в Instagram











