Бишкекте №52 каттамдагы автобус сүзүп кеткен кызга операция жасалды. Бул тууралуу журналисттерге Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, 12 жаштагы кыз оң бутунан жаракат алган жана жамбаш сөөгү сынып, балдардын клиникалык тез жардам ооруканасына жаткырылган. Кыздын операциядан кийинки абалы туруктуу жана травматология бөлүмүнө которулган.
Кечээ, 3-мартта Бишкектин 12-кичи районунда жөө өтмөктөн өтүп бара жаткан окуучу кызды автобус сүзүп кеткен.